NEWS
Ипотекага кезекке туруу — эми “Түндүк” менен оңой!
Date of publication: June 11, 2025
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, “Түндүк” мамлекеттик мекемеси, Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” жана Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте жаңы онлайн кызматты ишке киргизди – МИКке онлайн өтүнмө берүү эми “Түндүк” тиркемеси аркылуу мүмкүн!
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул тууралуу өзү МИКтин кенсесине келип жарандарга түшүндүрүп көргөзүп берди.
Каныбек Туманбаев: Бүгүн дагы бир маанилүү жаңылыкты элге тартууладык. Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында мамлекеттик ипотекага онлайн түрдө кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ачылды. Эми документ чогултуп убара болбойсуң — 2–3 мүнөттө эле форма толтурулат. Жада калса жубайыңдын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу берип коёсуң. Бул — жарандар үчүн чоң жеңилдик.
Эми МИКке өтүнмө берүүнү үйдөн чыкпай эле бүтүрсөңүз болот:
1️⃣ “Түндүк” тиркемесине кириңиз.
2️⃣ Башкы беттен “Кыймылсыз мүлк” бөлүмүн тандап, “МИКке өтүнмө берүү” кызматын басыңыз.
3️⃣ Форманы толтуруп, маалыматты текшериңиз.
4️⃣ Өтүнмөңүздү жөнөтүп, анын статусун тиркеме аркылуу каалаган убакта караңыз.
Баары өтө жөнөкөй. Смартфонуңузда “Түндүк” тиркемеси болсө эле жетиштүү. App Store жана Play Market’тен көчүрүп алыңыз – үй алууга болгон алгачкы кадамыңызды бүгүн баштаңыз!