ЖАНЫЛЫКТАР
Бишкекте 225 батирлүү турак жай комплекси пайдаланууга берилди
Жарыяланган датасы: Июль 10, 2025
2025-жылдын 10-июль күнү Бишкек шаарында, Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан 3 блоктон турган, жалпы 225 батирден түзүлгөн көп кабаттуу турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Жаңы турак жай комплекси социалдык турак жай программасынын алкагында курулуп, үйгө муктаж жарандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чарада Президент Садыр Жапаров мындай долбоорлор мындан ары да уланып, калктын турак жай маселесин чечүүдө мамлекет колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи. https://www.instagram.com/reel/DL79hVesXrU/