ЖАНЫЛЫКТАР
Каракол шаарында “Хан-Теңири” жаңы турак жай комплексиндеги 420 батирдин ачкычтары тапшырылды
Жарыяланган датасы: Авг. 8, 2025
Бүгүн Каракол шаарында чоң кубанычтуу күн — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жана “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында “Хан-Теңири” жаңы турак жай комплекси расмий түрдө ачылды.
Бул долбоор Ысык-Көл облусундагы алгачкы мамлекеттик ипотекалык турак жай комплекси болуп саналат жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” тарабынан ишке ашырылды.
“Хан-Теңири” комплекси боюнча жалпы маалымат:
• Жалпы 3 105 батир курулат;
• 69 блок, ар бири 9 кабаттуу;
• Курулуш иштери толугу менен 2027-жылдын аягына чейин аяктайт.
Биринчи этап (2025-жылдын 8-августунда тапшырылды):
• 420 батир:
• 1 бөлмөлүү — 168;
• 2 бөлмөлүү — 168;
• 3 бөлмөлүү — 84;
• 10 блок, ар бири 9 кабаттуу;
• Жалпы аянты — 24 974 м²;
• 1 450 унаа токтотуучу жай;
• Заманбап мектеп;
• Эки бала бакча;
• Мечит жана башка социалдык объектилер.
Бул батирлер “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” кезегинде турган жарандарга жана турак жай баасынын 50% алдын ала төлөгөндөргө берилет.
“Менин үйүм” программасы Каракол менен гана чектелбестен, учурда Чолпон-Ата шаарында курулуш кызуу жүрүп жатат жана Балыкчы шаарында да башталды.