NEWS
МИК менен “Элдик Банк” жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай долбоорун ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол коюшту
Date of publication: July 20, 2026
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Элдик Банк” ААК Азия өнүктүрүү банкынын (ADB) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы аялдарды колдоого багытталган “Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун алкагында кайра каржылоо боюнча Башкы макулдашууга кол коюшту. Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 65 миллион АКШ долларын түзөт.
Документке “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Талант Жекшенов жана “Элдик Банк” ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев кол коюшту.
Долбоор Кыргыз Республикасына Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген 65 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен каржыланат. Анын негизги максаты – улуттук валютада туруктуу пайыздык чен менен берилүүчү жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү ипотекалык насыяларга жетүүнү кеңейтүү. Өзгөчө көңүл аялдарды колдоого жана энергияны үнөмдөөчү турак жайларды каржылоого бурулат.
Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабында МИК Кыргыз Республикасынын аймактарындагы (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) аялдар үчүн ипотекалык насыялоо программасын ишке киргизет. Программа учурда өнөктөш банк катары катышып жаткан “Элдик Банк” аркылуу жүзөгө ашырылат. Тандоо жол-жоболору аяктагандан кийин башка банктар да долбоорго кошулат.
Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн бул өнөктөштүк аркылуу МИК Кыргыз Республикасында инклюзивдүү, ачык-айкын жана туруктуу ипотекалык каржылоо рыногун өнүктүрүүнү улантат.
Ресурстарды адилеттүү жана ачык-айкын бөлүштүрүү максатында программага МИКтин турак жай алуу боюнча расмий кезек тизмесинде катталган жана белгиленген талаптарга жооп берген жарандар гана катыша алышат.
Программага катышууга талаптарга жооп берген жарандар этап-этабы менен чакырылат. Өтүнмөлөрдү тартиптүү кабыл алуу жана алардын көлөмүн натыйжалуу башкаруу үчүн МИК потенциалдуу насыя алуучуларды расмий кезекке катталган күнүнүн тартибине ылайык аныктайт.
Бул тууралуу маалымат МИКтин расмий сайтында жарыяланат. Талаптарга жооп берген жарандарга SMS жана электрондук почта аркылуу билдирүү жөнөтүлөт. Ошондуктан жарандарга расмий маалыматтарды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруу жана байланыш маалыматтарынын тууралыгын текшерүү сунушталат.
Потенциалдуу насыя алуучу катары аныкталган жарандар гана өнөктөш банктардын бирине кайрылып, ипотекалык насыя алуу үчүн арыз бере алышат. Ошол эле учурда насыяны жактыруу боюнча акыркы чечим ар бир өнөктөш банк тарабынан өзүнүн ички кредиттик саясатына жана жол-жоболоруна ылайык кабыл алынат.
Программанын алкагында төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттар сунушталат:
Ипотекалык насыянын шарттары:
Насыянын мөөнөтү – 25 жылга чейин. Баштапкы төлөм – турак жайдын наркынын кеминде 10%ы. Зарыл болгон учурда баштапкы төлөмдүн бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонду тарабынан кепилдендирилиши мүмкүн. Үй-бүлөнүн ай сайынкы жалпы кирешеси 120 000 сомдон ашпоого тийиш. Сатып алууга боло турган турак жай курулушу толук бүткөн жана пайдаланууга расмий берилген болушу керек. Батирдин аянты 100 м²ге чейин, ал эми жеке турак үйдүн аянты 200 м²ге чейин болушу мүмкүн.
* Жылдык 10,75% (натыйжалуу пайыздык чен – 11,37%дан) – Бишкек жана Ош шаарларынан турак жай сатып алуу үчүн;
* Жылдык 9,75% (натыйжалуу пайыздык чен – 10,26%дан) – Кыргыз Республикасынын аймактарынан турак жай сатып алуу үчүн.
Долбоордун кийинки этабында “Жашыл ипотека” программасы ишке киргизилет. Бул программа энергияны үнөмдөөчү турак жайларды сатып алууга, курулуш тармагында заманбап экологиялык технологияларды колдонууга жана турак жайлардын энергия керектөөсүн азайтууга багытталат. Аны ишке ашыруу курулуш тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга дагы бир маанилүү салым болот.
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Талант Жекшенов белгилегендей:
“Аялдар ипотекасы жана жашыл ипотека программалары – жарандардын өз үйүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам. Биз өзгөчө аймактардагы аялдарды колдоого басым жасап, алардын келечекке болгон ишенимин бекемдөөгө жана үй-бүлөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтүүнү максат кылабыз”.
Өз кезегинде “Элдик Банк” ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев банктын бул долбоорго катышуусу жеткиликтүү финансылык чечимдерди өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн демилгелерди колдоого багытталган стратегиясынын бир бөлүгү экенин белгиледи.
“Жаңы ипотекалык программалардын ишке кириши жарандардын өз үйүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, аялдардын турак жай боюнча максаттарын ишке ашырууга көмөктөшөт жана Кыргызстанда энергияны үнөмдөөчү курулуштун өнүгүшүнө түрткү берет”, – деди Уланбек Ногаев.
Бул долбоор Кыргызстанда жеткиликтүү турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп, жарандардын жеңилдетилген шарттарда өз турак жайына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
