0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Бүгүн Бишкек шаарында «Дастан Сити» көп функционалдуу турак жай комлексинин курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Жарыяланган датасы: Март 11, 2024

        Баш калаанын 11-кичи шаарчасында курула турган жаңы турак жай комплексинин капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана калаа башчысы Айбек Джунушалиевдер катышты.

        «Экспострой курулуш компаниясы» ЖЧКнын жетекчиси Кубанычбек Тулеев расмий конокторду тосуп алып «Дастан Сити» турак жай комплекси тууралуу айтып берип, комплекстин макетин көргөздү.

        «Дастан Сити» көп функционалдуу турак жай комплексинде жалпысынан 196 315 чарчы метр турак жай, бала бакчасы, соода дүкөндөр, балдар ойноочу аянтчалар, унаа токтоочу жайлары болот. Ошондой эле турак жай комплексте бассейн, кинотеатр, спорт зал, тамактануучу жайлар ж.б. күндөлүк турмушта керек болгон жайлардын баары болот. Курулуш иштери аяктагандан кийин Инвестициялык келишимге ылайык Экспострой Курулуш Компаниясы жердин эсебинен Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500дөй батир өткөрүп берет.

       Маалымдама: «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын турак жай программасын ишке ашыруу максатында «МИК» ААКсы менен «Экспострой Курулуш Компаниясы» ЖЧКсынын (Инвестор) ортосунда Бишкек шаарында көп функционалдуу турак жай комплексин каржылоо жана куруу тууралуу инвестициялык келишим түзүлгөн (08.04.2023). Келишимдин шарттарына ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания Инвестициялык долбоорго салым катары инвесторго эки жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берген. Жер тилкеси Бишкек шаары, 11-кичи районунда жайгашкан, жалпы аянты 9,6 га.