ЖАНЫЛЫКТАР
Түп районунда 720 батирден турган «Хан-Теңири-5» турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутучасы салынды
Жарыяланган датасы: Июнь 25, 2026
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого багытталган дагы бир ири долбоордун пайдубалы түптөлдү. Бүгүн Түп айылында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып жаткан «Хан-Теңири-5» турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өткөрүлдү.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, өлкөнүн бардык аймактарында заманбап көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жүргүзүлүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, турак жай курулушуна расмий старт берди.
Каныбек Туманбаев өз сөзүндө мамлекет башчысынын демилгеси менен жеткиликтүү турак жайларды куруу иштери өлкөнүн бардык аймактарында ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Ал белгилегендей, Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, калктын басымдуу бөлүгү аймактарда жашайт. Ошондуктан заманбап турак жайларды борбор калаада гана эмес, райондордо жана алыскы аймактарда да куруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул долбоорлордун негизги максаты – жарандардын жашоо шартын жакшыртып, мүмкүн болушунча көп үй-бүлөнү өз турак жайы менен камсыз кылуу.
Долбоордун алкагында Түп айылында 24 блоктон турган 6 кабаттуу турак үйлөр курулуп, жалпы 720 батир пайдаланууга берилет. Комплекс заманбап инженердик коммуникациялар менен камсыздалып, жашоочулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.
Жаңы «Хан-Теңири-5» турак жай комплекси Түп районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, аймактын көркүн арттырууга жана жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга олуттуу салым кошот.
