ЖАНЫЛЫКТАР
Гүлчө шаарында 702 батирден турган «Хан-Теңири-8» турак жай комплексинин курулушуна старт берилди
Жарыяланган датасы: Июнь 30, 2026
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкөнүн бардык аймактарында жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат ырааттуу ишке ашырылууда. Бул багыттагы долбоорлор Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын көзөмөлүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жүргүзүлүп келет.
Бүгүн Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө шаарында «Хан-Теңири-8» турак жай комплексинин курулушуна расмий старт берилди. Бул долбоор аймактагы эң ири турак жай курулуштарынын бири болуп, жалпысынан 702 батирди камтыйт.
Долбоордун алкагында 12 тогуз кабаттуу турак үй курулат. Анда 324 бир бөлмөлүү, 324 эки бөлмөлүү жана 54 үч бөлмөлүү батир жайгашып, жашоочулар үчүн бардык зарыл инженердик коммуникациялар жана заманбап шарттар түзүлөт.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев сөз сүйлөп, мамлекет башчысы тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө жана жарандарды турак жай менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө аймагында жашаган жарандар менен катар чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн мекендештер үчүн да өз мекенинен турак жай сатып алууга шарт түзүп жатат. Ошондой эле жаш үй-бүлөлөрдү колдоо мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп, алар үчүн жеткиликтүү ипотекалык программалар аркылуу турак жай алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө.
Компания тарабынан курулуп жаткан бардык турак жайлар заманбап архитектуралык талаптарга жана курулуш стандарттарына ылайык салынууда. Курулушта сапаттуу материалдар жана алдыңкы технологиялар колдонулуп, ар бир этапта техникалык көзөмөл жүргүзүлөт. Бул жарандарды коопсуз, ишенимдүү жана узак мөөнөт кызмат кыла турган турак жай менен камсыздоого багытталган.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча жалпы аянты 5 миллион 450 миң чарчы метрден ашкан турак жайларды куруп жатат. Жалпы аянты 515 миң чарчы метрден ашкан турак жайлар пайдаланууга берилип, анын негизинде 7 650 үй-бүлө жаңы батирлердин ачкычтарына ээ болду. Ал эми 2026-жылдын жыйынтыгына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирди пайдаланууга берүү пландалууда.
«Хан-Теңири-8» турак жай комплекси Алай районунун социалдык жана инженердик инфраструктурасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы маанилүү долбоорлордун бири болот.
