ЖАНЫЛЫКТАР
МИК менен “АБанк” жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай долбоорун ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол коюшту
Жарыяланган датасы: Авг. 14, 2026
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “АБанк” ААК Азия өнүктүрүү банкынын (ADB) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы аялдарды колдоого багытталган “Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун алкагында кайра каржылоо боюнча Башкы макулдашууга кол коюшту. Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 65 миллион АКШ долларын түзөт.
Документке “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Талант Жекшенов жана “ АБанк” ААКтын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев " кол коюшту.
Долбоор Кыргыз Республикасына Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген 65 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен каржыланат. Анын негизги максаты – улуттук валютада туруктуу пайыздык чен менен берилүүчү жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү ипотекалык насыяларга жетүүнү кеңейтүү. Өзгөчө көңүл аялдарды колдоого жана энергияны үнөмдөөчү турак жайларды каржылоого бурулат.
Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабында МИК Кыргыз Республикасынын аймактарындагы 2022-2024 жылга чейин кезекте турган (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) аялдар үчүн ипотекалык насыялоо программасын ишке киргизет.
Программанын негизги шарттары:
* каржылоо — 7 млн сомго чейин;
* мөөнөтү — 25 жылга чейин;
* баштапкы төлөм — 10%дан;
* пайыздык чен — аймактарда жылдык 9,75%га чейин.
Сатып алынуучу батирдин максималдуу аянты 100 чарчы метрди, ал эми жеке турак үйдүн аянты 200 чарчы метрди түзөт.
Мамлекеттик ипотекалык компания өнөктөш банктар аркылуу жеткиликтүү турак жайды каржылоо механизмдерин өнүктүрүүнү улантууда. «Аялдар ипотекасы» продуктусу аялдарды колдоого жана алардын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталган.
