0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Новости

Новости

Президент Садыр Жапаров Ошто «Асман Резиденс №1» турак жай комплексин ачты

Дата публикации: 8 июня 2026 г.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-июнда Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Асман Резиденс №1» турак жай комплексин расмий ачып, алгачкы батир ээлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды. Ошондой эле онлайн режиминде Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы жаңы турак жай комплекси да пайдаланууга берилди.

Мамлекет башчысы жаңы конуш ээлерин куттуктап, жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыздоо мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат.

Президент белгилегендей, Ош облусунда 2044 батирлүү үч турак жай комплекси, ал эми Ош шаарында жалпысынан 5518 батирге эсептелген төрт турак жай комплекси курулуп жатат. Алардын бири болгон «Асман Резиденс №1» комплекси 8 блоктон, 12 кабаттан жана 543 батирден турат. Анда жер алдындагы унаа токтотуучу жай, балдар аянтчалары, коммерциялык жайлар жана башка керектүү инфраструктура каралган.

Мамлекет башчысы курулуш иштери пландагы мөөнөттөн эрте аяктаганын белгилеп, куруучуларга жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жамаатына ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын соңунда Президент жаңы батирлерди жана турак жай комплексинин инфраструктурасын көрүп чыкты.