Новости
Кербен шаарында 540 батирден турган жаңы турак жай комплексинин курулушуна старт берилди
Дата публикации: 30 июня 2026 г.
Кербен шаарында 540 батирден турган жаңы турак жай комплексинин курулушуна старт берилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкөнүн бардык аймактарында жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча масштабдуу иштер улантылууда. Бул багыттагы долбоорлор Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин көзөмөлүндө ишке ашырылып келет.
Бүгүн, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып жаткан «Хан-Теңири-7» турак жай комплексинин курулушуна расмий старт берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Каныбек Туманбаев өз сөзүндө бул долбоор өлкө жетекчилигинин аймактарды өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясатынын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы турак жай комплекси заманбап талаптарга жооп берген бардык шарттар менен камсыз болуп, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
«Хан-Теңири-7» турак жай комплекси жалпы 18 блоктон турган 6 кабаттуу көп батирлүү үйлөрдөн туруп, 540 батирди камтыйт. Анын ичинде:
* 126 бир бөлмөлүү;
* 306 эки бөлмөлүү;
* 108 үч бөлмөлүү батир курулат.
Долбоордун алкагында балдар ойноочу аянтчалар, спорттук жана эс алуу зоналары, 453 унаага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай, ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу каралган.
