Новости
Кең-Суу айылында «Хан-Теңири-6» турак жай комплексинин курулушуна старт берилди
Дата публикации: 25 июня 2026 г.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында жарандарды заманбап жана жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган дагы бир маанилүү долбоор ишке ашырыла баштады. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып жаткан «Хан-Теңири-6» турак жай комплексинин курулушуна расмий старт берилди.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында ишке ашырылып, өлкөнүн бардык аймактарында турак жай курулушун кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерине Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев көзөмөл жүргүзүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, өлкө жетекчилиги тарабынан жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Ал белгилегендей, Президенттин тапшырмасы менен көп кабаттуу турак жайлар эми ири шаарларда гана эмес, райондордо жана алыскы айылдарда да курулуп жатат. Мындай долбоорлор аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана заманбап турак жайларга болгон муктаждыкты канааттандырууга багытталган.
«Хан-Теңири-6» турак жай комплекси бардык заманбап инженердик коммуникациялар менен камсыздалат. Батирлер электр энергиясына, таза суу, канализация жана жылытуу системаларына туташтырылып, жашоочулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Турак жай комплекси 1,65 гектар жер аянтында жайгашып, анын аймагында балдар аянтчасы, кичи футбол аянтчасы, теннис корту, эс алуу жайлары, сейилдөө жолдору, жашылдандырылган аймактар, ички жолдор жана 220 унаага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай курулат.
